# 512-статья. Тартуулоону чектөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 512-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-512

---

1. Биргелешкен жалпы менчиктеги мүлктү тартуулоого ушул Кодекстин 272-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча жол берилет.

2. Тартуулоочуга таандык болгон талап укугун үчүнчү жакка тартуулоо ушул Кодекстин 314-317-статьяларында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

3. Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата милдеттерин ал үчүн аткаруу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пунктта каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата карызын тартуулоочу өзүнө которуу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 318-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

4. Тартуулоону жүзөгө ашыруу үчүн өкүл тарабынан берилген ишеним катта тартуу алуучу аталбаса жана тартуу буюму көрсөтүлбөсө, ал жокко эсе.

---

Мурунку берене: [511-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-511)  
Кийинки берене: [513-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-513)
