# 511-статья. Тартуулоого тыюу салуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281620..1281621>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 511-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-511

---

Наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашпаган демейки белектерди кошпогондо, төмөнкүчө тартуулоого жол берилбейт:

1) юридикалык жактар чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугундагы өзүнө таандык мүлктү;

2) жаш балдардын жана эмгекке жараксыз деп табылган граждандардын атынан - алардын мыйзамдуу өкүлдөрү;

3) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мамлекеттик кызматчыларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына;

4) дарылоо, тарбиялоо мекемелеринин, социалдык жактан коргоо мекемелеринин жана башка ушундай мекемелердин кызматкерлерине алардын дарылоосундагы, багуусундагы же тарбиясындагы граждандар, ушул граждандардын жубайлары жана тууган-туушкандары беришине;

5) коммерциялык уюмдардын ортосундагы мамилелерде.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [510-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-510)  
Кийинки берене: [512-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-512)
