# 510-статья. Тартуулоо келишиминин формасы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон от 30 марта 2009 года № 104 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203131)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.03.2009 [Закон от 30 марта 2009 года № 104 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203131); 19.03.2008 [Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281623..1281624>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 510-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-510

---

1. Ушул статьянын 2- жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, тартууну алуучуга берүү менен коштолгон тартуу оозеки жасалышы мүмкүн.

Тартууну берүү аны тапшыруу, символдуу түрдө берүү (ачкычты тапшыруу жана башкача), же укукту ырастоочу документтерди тапшыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кыймылсыз мүлктү тартуулоо келишими жөнөкөй жазуу жүзүндө:

1) тартуулоочу юридикалык жак болуп саналган жана тартуунун наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашкан;

2) келишим келечекте тартуулоого убаданы камтыган учурларда түзүлүүгө тийиш.

Ушул пунктта каралган учурларда оозеки түзүлгөн тартуулоо келишими тартуулоочунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлктү белекке берүү жөнүндө келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [509-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-509)  
Кийинки берене: [511-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-511)
