# 509-статья. Тартуулоо келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 509-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-509

---

1. Тартуулоо келишими боюнча бир тарап (тартуулоочу) көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өз алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.

2. Буюмду же укукту утурлап берүү же утурлаган милдеттенме бар болгон учурда келишим тартуулоо деп табылбайт. Мындай келишимге карата ушул Кодекстин 188-статьясынын 2-пунктунун эрежеси колдонулат.

3. Эгерде тартуулоо келишими ойдогудай формада (510-статьянын 2-пункту) түзүлсө жана келечекте буюмду же укукту конкреттүү жакка акысыз берүүгө же аны мүлктүк милдеттен бошотууга ачык ниетин билдирип турса, буюмду же мүлктүк укукту акысыз берүү же кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттен бошотуу убадасы (тартуулоо убадасы) тартуулоо келишими деп табылат жана убада берген жакты өзүнө байлайт.

Өзүнүн бүткүл мүлкүн же бүткүл мүлкүнүн бир бөлүгүн тартуулоонун конкреттүү буюмуна буюм, укук же милдеттен бошотуу түрүндө көрсөтпөстөн тартуулоо убадасы жараксыз.

---

Мурунку берене: [508-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-508)  
Кийинки берене: [510-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-510)
