# 506-статья. Алмашуу келишими боюнча баа жана чыгым

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-506>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-506.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 506-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-506

---

1. Эгерде Алмашуу келишиминен башкасы келип чыкпаса, алмашылуучу товарлар бирдей баада деп каралат, ал эми аларды өткөрүп берүү же кабыл алуу боюнча чыгымдарды ар бир учурда тиешелүү милдетти тарткан тарап көтөрөт.

2. Эгерде келишимде акы төлөөнүн башка тартиби каралбаса, келишимге ылайык алмаштырылуучу товарлар бирдей баада эмес деп табылган учурда, баасы ордуна берилип жаткан товардын баасынан төмөн болгон товарды берүүгө милдеттүү тарап товарды же товар тескөө документтерин түздөн-түз бергенге чейин же берген учурда баадагы айырманы төлөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [505-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-505)  
Кийинки берене: [507-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-507)
