# 505-статья. Алмашуу келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 505-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-505

---

1. Алмашуу келишими боюнча ар бир тарап экинчи тараптын менчигине бир товардын ордуна башкасын берүүгө милдеттенет.

Эгерде соода-сатык жөнүндөгү эреже ушул главанын эрежелерине жана алмашуунун маңызына карама-каршы келбесе, анда ал тиешелүү түрдө алмашуу келишимине карата колдонулат (23-глава). Мында тараптардын ар бири өзү бере турган товардын сатуучусу жана өзү ордуна кабыл алууга милдеттенген товардын сатып алуучусу деп табылат.

2. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана кыймылсыз мүлктү алмашуу келишиминин тарабы болууга укуктуу (230-ст. 3-пункту).

3. Утурумдук башкаруу укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана өзүлөрүнө бекитилип берилген мүлктү өткөрүп берүү боюнча алмашуу келишиминин бир тарабы катары чыгууга укуктуу (231-ст. 3-пункту).

---

Мурунку берене: [504-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-504)  
Кийинки берене: [506-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-506)
