# 502-статья. Ишканага менчик укугунун өтүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-502>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-502.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 502-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-502

---

1. Ишканага менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ушул укук сатып алуучуга өтөт.

2. Ишканага сатып алуучунун менчик укугун мамлекеттик каттоо ишкана сатып алуучуга түздөн-түз өткөрүп берилгенден кийин жүргүзүлөт (501-статья).

3. Келишимде сатып алуучуга өткөрүп берилген ишканага менчик укугу ишканага акы төлөнгөнгө чейин же башка кырдаалдар келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурларда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин берилген ишкананын курамына кирген мүлктү жана укуктарды мүлктүк комплекс катары ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө тескөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [501-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-501)  
Кийинки берене: [503-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-503)
