# 500-статья. Ишкананы сатууда кредиторлордун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 500-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-500

---

1. Сатылып жаткан ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенге чейин кеминде 21 күн мурда анын сатылгандыгы жөнүндө сатуучу тарабынан милдеттүү түрдө кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

2. Ишкананы сатуу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин кредитор карызды которууга өзүнүн макулдугу же макул эместиги жөнүндө сатуучуга 45 күндүн ичинде кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кредитордон анын макул эместиги жөнүндө билдирүү келип түшпөсө, анда ушул карызды которууга кредитордун макулдугу катары кабыл алынат. Карызды которууга өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирген кредитор милдеттенмелердин токтотулушун же мөөнөтүнөн мурда аткарылышын жана сатуучу зыяндын ордун толтурушун же ишкананы сатуу келишими толугу менен же анын тиешелүү бөлүгү жараксыз деп табылышын тез арада талап кылууга тийиш.

3. Ишкана сатылгандыгы жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдар болбогон кредитор сатуучу сатып алуучуга ишкананы бергендиги жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө доо коюуга укуктуу.

4. Ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенден кийин сатуучу менен сатып алуучу берилген ишкананын курамына киргизилген, кредитордун макулдугу болбостон сатып алуучуга которулган карыздар боюнча биргелешкен жоопкерчиликти тартат.

---

Мурунку берене: [499-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-499)  
Кийинки берене: [501-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-501)
