# 499-статья. Сатылып жаткан ишкананын курамын белгилөө жана наркын баалоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 499-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-499

---

1. Сатылып жаткан ишкананын курамы жана анын наркын баалоо ишкананы сатуу келишиминде ишкананы толугу менен тизмелеп чыгуунун инвентаризациялоонун негизинде аныкталат, ал мындай тизмелөөнүн белгиленген эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Ишкананы сатуу келишимине кол коюлганга чейин тараптар: тизмелөө актысын, ишкананын курамы жана наркы жөнүндөгү бухгалтердик балансты, ошондой эле ишкананын курамына кирген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмелерин түзүүгө жана карап чыгууга тийиш, мында кредиторлор, алардын талаптарынын мүнөзү, өлчөмү жана мөөнөтү көрсөтүлөт.

Эгерде ушул Кодекстин 497-статьясынан башкасы келип чыкпаса жана тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, сатуучу сатып алуучуга аталган документтерде көрсөтүлгөн мүлктү, укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [498-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-498)  
Кийинки берене: [500-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-500)
