# 498-статья. Ишкананын сатуу келишиминин формасы жана аны мамлекеттик каттоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 498-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-498

---

1. Ишкананы сатуу келишими тараптар кол койгон соода-сатык келишимин (395-статьянын 2-пункту) түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ушул Кодекстин 499-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө тиркелет.

2. Ишкананы сатуу келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болуп калышына алып келет.

3. Ишкананы сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана ушундай катталган учурдан тартып ал түзүлдү деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [497-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-497)  
Кийинки берене: [499-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-499)
