# 497-статья. Ишкананы сатуу келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-497>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-497.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 497-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-497

---

1. Ишкананы сатуу келишими боюнча сатуучу сатып алуучунун менчигине мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы берүүгө милдеттенет (33-статья), буга сатуучу башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучунун өзүнчөлүгүнүн жана анын продукциясынын, ал аткарган иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн фирмалык аталышына, товардык белгисине, тейлөө белгисине жана башка каражаттарына укуктар сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, тиешелүү ишти жасоого уруксаттын, лицензиянын негизинде сатуучу алган укуктар ишкананы сатып алуучуга берилбейт. Сатып алуучунун өзүндө мындай уруксат (лицензия) жоктугунан улам аткарылбай турган милдеттерди ишканын курамында сатып алуучуга өткөрүп берүү сатуучуну кредиторлордун алдындагы тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт. Мындай милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн сатуучу менен сатып алуучу кредиторлордун алдында биргелешип жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [496-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-496)  
Кийинки берене: [498-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-498)
