# 495-статья. Энергия менен жабдуу келишими боюнча жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-495>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-495.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 495-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-495

---

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда милдеттенмени бузган тарап мунун айынан келтирилген анык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү (14-статьянын 2-пунктундагы 1-абзац).

2. Эгерде ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылган энергия керектөөнүн режимин жөнгө салуунун натыйжасында абонентке энергия берүүдө үзгүлтүккө жол берилсе, энергия менен жабдыган уюм өзүнүн күнөөсү болгон учурда келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [494-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-494)  
Кийинки берене: [496-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-496)
