# 494-статья. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 494-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-494

---

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгон учурда, ал келишимди бузуу жөнүндө энергия менен жабдуучу уюмга билдирген жана пайдаланган энергиянын акысын толугу менен төлөгөн шартта келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында юридикалык жак болгон учурда, энергия менен жабдуучу уюм ушул Кодекстин 486-статьясында каралган негиздер боюнча бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу, буга ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурлар кирбейт.

2. Мамлекеттик энергетикалык көзөмөл органы абоненттин энергетикалык түзүлүштөрүнүн канааттандырарлыксыз абалы аварияга алып келсе же граждандардын өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч түзө тургандыгын күбөлөндүргөн учурлардан тышкары, энергияны үзгүлтүктүү берүүгө, аны токтотууга же чектөөгө тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет. Энергияны үзгүлтүктүү берүү, аны токтотуу же чектөө жөнүндө энергия менен жабдуучу уюм абонентке эскертүүгө тийиш.

3. Абонент менен макулдашпастан жана аны тиешелүү түрдө эскертпестен энергия берүүдөгү үзгүлтүккө, аны токтотууга же чектөөгө энергия менен жабдуучу уюмдун системасындагы аварияны четтетүү же жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыкканда ушул жөнүндө абонентке тез арада билдирилген шартта жол берилет.

---

Мурунку берене: [493-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-493)  
Кийинки берене: [495-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-495)
