# 489-статья. Энергиянын саны

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-489>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-489.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 489-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-489

---

1. Энергия менен жабдыган уюм абонентке энергияны кошулган тармак аркылуу энергия менен жабдуу келишиминде каралган санда жана энергия берүүнүн тараптар макулдашкан режимин сактоо менен берүүгө милдеттүү. Энергия менен жабдуучу уюм берген жана абонент пайдаланган энергиянын саны анын иш жүзүндө керектелгендигин эсептөө маалыматтарына ылайык аныкталат.

2. Келишим шартында белгиленбеген сандагы энергияны берүүнү камсыз кылууга байланыштуу энергия менен жабдуучу уюмдун тарткан чыгымдарынын ордун абонент толтурган шартта, энергия менен жабдуу келишиминде аныкталбаган, абоненттин кабыл алган энергиянын санын өзгөртүүгө карата укугу каралышы мүмкүн.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент энергияны турмуш-тиричиликте пайдаланган граждан болгондо, ал энергияны өзүнө зарыл болгон санда пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [488-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-488)  
Кийинки берене: [490-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-490)
