# 488-статья. Энергия менен жабдуу келишимин түзүү жана узартуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-488>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-488.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 488-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-488

---

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарын энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгондо, кошулган тармакка абонентти белгиленген тартипте биринчи жолу иш жүзүндө кошкон учурдан тартып келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишим колдонулуп жаткан мөөнөт аяктаганга чейин тараптардын бири да аны токтотуу же өзгөртүү жөнүндө же жаңы келишим түзүү жөнүндө билдирбесе, белгилүү мөөнөткө түзүлгөн энергия менен жабдуу келишими ошол эле мөөнөткө ошол эле шарттарда узартылды деп эсептелет. Келишимди жаңы мөөнөткө узартууда анын шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири жаңы келишим түзүү жөнүндө сунуш киргизсе, анда жаңы келишим түзүлгөнгө чейин тараптардын мамилелери мурда түзүлгөн келишим боюнча жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [487-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-487)  
Кийинки берене: [489-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-489)
