# 487-статья. Энергия менен жабдуу келишими

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июня 2011 года № 35 "О внесении изменения и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203279)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281625..1281626>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 487-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-487

---

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергия менен жабдыган уюм кошулган тармак аркылуу абонентке (керектөөчүгө) келишимди бузуунун жана тиешелүү эмес сапаттагы энергия берүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо жана белгиленген талаптарга ылайыктуу энергия сатууга милдеттенет, ал эми абонент кабыл алган энергияга акы төлөөгө, ошондой эле анын керектөө келишиминде каралган режимин сактоого, өзүнүн карамагындагы электр тармактарынын коопсуз пайдаланылышын жана өзү пайдаланган буюмдардын жана энергияны керектөө менен байланышкан жабдуулардын оң болушун камсыз кылууга милдеттенет.

2. Энергия менен жабдуу келишими абонентте белгиленген техникалык талаптарга жооп берген, энергия менен жабдуучу уюмдун тармактарына кошулган энергияны кабыл алуучу түзүлүш, башка зарыл жабдуулар жана энергия керектөөнү эсепке алуучу приборлор болгон шартта аны менен түзүлөт.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган мамилелерге карата энергия менен жабдуу жөнүндөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелер колдонулат.

(КР 2011-жылдын 10-июнундагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [486-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-486)  
Кийинки берене: [488-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-488)
