# 486-статья. Товар берүү келишимин аткаруудан бир жактуу баш тартуу. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 486-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-486

---

1. Товар берүү келишимин аткаруудан (толугу менен же жарым жартылай) бир тараптуу баш тартууга тараптардын бири келишимди олуттуу бузган учурда жол берилет (411-статьянын 2-пунктундагы 4-абзац).

2. Төмөнкүдөй учурларда товар берүүчү товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

сатып алуучу үчүн алгылыктуу мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болбогон кемчиликтери бар сапаты начар товарларды берүү; товар берүү мөөнөтүн бир нече жолу бузуу.

3. Төмөнкүдөй учурларда сатып алуучу товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

товарга акы төлөө мөөнөтүн бир нече жолу бузуу; товарларды тандоого бир нече жолу келбей коюшу.

4. Тараптардын макулдашуусунда товар берүү келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуунун башка негиздери каралышы мүмкүн.

5. Эгерде билдирүүдө келишимди бузуунун башка мөөнөтү каралбаса же тараптардын макулдашуусунда башка мөөнөт аныкталбаса, келишимди аткаруудан толугу менен же жарым жартылай бир тараптуу баш тартуу жөнүндө бир тараптын билдирүүсүн экинчи тарап алган учурдан тартып товар берүү келишими бузулду деп эсептелет.

6. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүүгө тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетише албаган учурда - ушул Кодекстин 413-статьясында белгиленген тартипте жол берилет.

4-§. Энергия менен жабдуу

---

Мурунку берене: [485-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-485)  
Кийинки берене: [487-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-487)
