# 484-статья. Товарлар кем берилген, товардын кемчиликтерин жоюу жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө талап аткарылбаган учурда сатып алуучунун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 484-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-484

---

1. Эгерде товар берүүчү товар берүү келишиминде каралган сандагы товарларды бербесе же сапатсыз товарларды алмаштыруу жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө сатып алуучунун талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу кем берилген товарларды башка жактан сатып алып, аларды алуу менен байланышкан бардык зарыл жана ылайыгы келген чыгымдарды товар берүүчүгө жүктөөгө укуктуу.

2. Сатып алуучу (алуучу) сапаты начар товарга жана комплектелбеген товарга акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу, ал эми мындай товарларга акы төлөнүп калган болсо, төлөнгөн сумманы товарлардын кемчиликтери жоюлганга жана жеткире комплектелгенге же алмаштырылганга чейин кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [483-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-483)  
Кийинки берене: [485-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-485)
