# 483-статья. Комплектелбеген товарларды берүүнүн кесепети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-483>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-483.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 483-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-483

---

1. Товар берүү келишиминин шарттарын, мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын же комплектиге демейде коюлуучу талаптарды бузуу менен товар берилген сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө ушул Кодекстин 443-статьясында каралган талаптарды коюуга укуктуу, буга берилген товарлар комплектелбегендиги жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алган товар берүүчү товарларды кечиктирбестен жеткире комплектеген же аларды комплектелген товар менен алмаштырган учурлар кирбейт.

2. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, товарларды чекене соодада саткан сатып алуучу (алуучу) керектөөчү кайра кайтарган комлпекттелбеген товарды ылайыгы келген мөөнөттө алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [482-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-482)  
Кийинки берене: [484-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-484)
