# 479-статья. Товарларды тандоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 479-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-479

---

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса жана товар берүү келишиминде сатып алуучу (алуучу) товарларды товар берүүчү турган жерде ала тургандыгы (товарларды тандоо) каралса, сатып алуучу берилип жаткан товарларды алар берилген жеринде карап чыгууга милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) товарды товар берүү келишиминде каралган мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жок болсо, товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандоого тийиш.

3. Сатып алуучунун (алуучунун) товарларды товар берүү келишиминде белгиленген мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жокто товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандабай коюшу товар берүүчүгө келишимди аткаруудан баш тартууга же сатып алуучудан (алуучудан) товардын акысын төлөөнү талап кылууга укук берет.

---

Мурунку берене: [478-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-478)  
Кийинки берене: [480-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-480)
