# 478-статья. Сатып алуучу кабыл албаган товарды жооптуу сактоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 478-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-478

---

1. Сатып алуучу (алуучу) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же товар берүү келишимине ылайык товар берүүчү берип жиберген товардан баш тартканда, ал ушул товардын сакталышын (жооптуу сактоо) камсыз кылууга жана тез арада товар берүүчүгө маалымдоого милдеттүү.

2. Товар берүүчү сатып алуучу (алуучу) жооптуу сактоого кабыл алган товарды ташып кетүүгө же аны шарты келген мөөнөттө тескөөгө милдеттүү.

Эгерде товар берүүчү ушул мөөнөттө товарды тескебесе, сатып алуучу товарды сатууга же аны товар берүүчүгө кайра кайтарууга укуктуу.

3. Сатып алуучунун товарды жооптуу сактоого кабыл алууга, товарды сатууга же аны сатуучуга кайра кайтарууга байланыштуу тарткан зарыл чыгымдарынын ордун товар берүүчү толтурат.

Мында товарды сатуудан алынган каражат сатып алуучуга тиешелүү бөлүгүн алып коюу менен товар берүүчүгө берилет.

4. Сатып алуучу мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде белгиленген негиздер болбостон, товар берүүчүдөн товарды кабыл албаса, же аны кабыл алуудан баш тартса, товар берүүчү сатып алуучудан товардын акысын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [477-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-477)  
Кийинки берене: [479-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-479)
