# 477-статья. Сатып алуучунун товарларды кабыл алышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 477-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-477

---

1. Сатып алуучу (алуучу) товар берүү келишимине ылайык берилген товарлардын кабыл алынышын камсыз кылуучу бардык зарыл иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) кабыл алган товарларды мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген мөөнөттө карап көрүүгө тийиш.

Сатып алуучу (алуучу) ушул эле мөөнөттө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген тартипте товарлардын санын жана сапатын текшерүүгө жана байкалган төп келбестиктер же товарлардын кемчиликтери жөнүндө товар берүүчүгө тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Берилген товарларды транспорт уюмунан алган учурда сатып алуучу (алуучу) товарлар транспорттук жана коштогон документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга төп келе тургандыгын же жоктугун текшерүүгө, ошондой эле мыйзамда каралган транспорттун ишин жөнгө салуучу эрежелерди сактоо менен ушул товарларды транспорт уюмунан кабыл алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [476-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-476)  
Кийинки берене: [478-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-478)
