# 476-статья. Товарды кем берүүнүн ордун толтуруудагы товардын ассортименти

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 476-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-476

---

1. Кем берилип калса орду толтурулууга тийиш болгон товарлардын ассортименти тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болсо, товар берүүчү кем берилген товарлардын ордун мындай кем берүү жол берилген мезгил үчүн белгиленген ассортиментте толтурууга тийиш.

2. Бир эле аталыштагы товарларды товар берүү келишиминде каралгандан көп санда берүү ошол эле ассортиментке кирген башка аталыштагы кем берилген товарлардын ордун толтурууга эсептелбейт жана анын орду толтурулууга тийиш, буга ушундайча берүү сатып алуучунун алдын ала кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлгөн учур кирбейт.

---

Мурунку берене: [475-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-475)  
Кийинки берене: [477-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-477)
