# 473-статья. Товарды берүү тартиби

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 473-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-473

---

1. Товарды берүү сатуучунун товар берүү келишиминин тарабы болуп саналган сатып алуучуга же ал келишимде сатып алуучу катары көрсөтүлгөн жакка товарды жүктөп берүүсү (өткөрүп берүүсү) аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Товарды берүү келишиминде алуучуларга товарды жүктөп берүү (өткөрүп берүү) жөнүндө көрсөтмө (жүктөп берүү разнарядкасы) берүүгө карата сатып алуучунун укугу каралса, сатуучу жүктөп берүү разнарядкасында көрсөтүлгөн алуучулар берилүүчү товарды жүктөп берет (өткөрүп берет).

Жүктөп берүү разнарядкасынын мазмуну жана товар алуучу аны берүүчүгө жиберишинин мөөнөтү келишимде белгиленет. Эгерде жүктөп берүү разнарядкасын жөнөтүү мөөнөтү келишимде каралбаса, ал товарды берүү мөөнөтү жеткенге чейин отуз күндөн кечиктирбестен товар берүүчүгө жиберилүүгө тийиш.

3. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, алуучунун жүктөп берүү разнарядкасын белгиленген мөөнөттө бербей коюушу товар берүүчүгө товар берүү келишимин аткаруудан баш тартуу укугун берет.

---

Мурунку берене: [472-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-472)  
Кийинки берене: [474-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-474)
