# 471-статья. Товар берүү келишимин түзүүдө пикир келишпестиктерди жөнгө салуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 471-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-471

---

1. Товар берүү келишимин түзүүдө тараптардын ортосунда келишимдин айрым шарттары боюнча пикир келишпестиктер келип чыкса, келишим түзүүнү сунуш кылган жана экинчи тараптан ушул шарттарды макулдашуу жөнүндө сунуш алган тарап, эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе же тараптар аны макулдашпаса, ушул сунушту алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде келишимдин тиешелүү шарттарын макулдашуу боюнча чара көрүүгө же аны түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.

2. Келишимдин тиешелүү шарттары боюнча сунуш алган, бирок товар берүү келишиминин шарттарын макулдашуу боюнча чара көрбөгөн жана келишим түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка ушул статьянын 1-пунктунда каралган мөөнөттө билдирбеген тарап келишимдин шарттарын макулдашуудан четтөөдөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [470-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-470)  
Кийинки берене: [472-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-472)
