# 470-статья. Товарды берүү келишими күчүндө болгон мөөнөт

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 470-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-470

---

1. Товарды берүү келишими бир жылга, бир жылдан ашык мөөнөткө (узак мөөнөттүү келишим) же тараптардын макулдашуусунда каралган башка мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде келишимде анын күчүндө болгон мөөнөтү аныкталбаса, келишим бир жылга түзүлдү деп табылат.

2. Эгерде товар берүүнүн узак мөөнөттүү келишиминде берилүүчү товардын саны же келишимдин башка шарттары бир жылга же андан аз мөөнөткө аныкталса, келишимде тараптар ушул шарттарды кийинки мезгилдерге келишим күчүнө болгон мөөнөтү аяктоочу мөөнөткө чейин макулдашуусунун тартиби белгиленүүгө тийиш. Мындай тартип келишимде жок учурда келишим тиешелүү түрдө бир жылга же келишимдин шарты макулдашылган мөөнөткө түзүлдү деп табылат.

3. Узак мөөнөттүү келишимдин тараптарынын бири берилүүчү товарлардын санын же келишимдин башка шарттарын келишимде белгиленген тартипте кийинки мезгилге макулдашуудан баш тартса же четтесе, экинчи тарап тиешелүү мезгилге товарды берүүнүн шарттарын аныктоо жөнүндө же товарды берүү келшимин бузуу жөнүндөгү талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [469-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-469)  
Кийинки берене: [471-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-471)
