# 467-статья. Товарды алмаштырууда, сатып алуу баасын азайтууда жана сапаты начар товарды кайра кайтарып берүүдө баадагы айырманын ордун толтуруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 467-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-467

---

1. Сапаты начар товарды чекене соода-сатык келишимине ылайык келген сапаттагы товарга алмаштырууда сатуучу келишимде белгиленген товардын баасы менен товарды алмаштыруу же сот тарабынан аны алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарылган учурда товардын баасынын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

2. Сапаты начар товарды ошого окшош, бирок өлчөмү, фасону, сорту же башка белгилери боюнча башкача ойдогудай сапаттагы товарга алмаштырууда алмаштырылып жаткан товардын алмаштыруу учурундагы баасы менен сапаты начар товардын ордуна берилүүчү товардын баасынын ортосундагы айырманын орду толтурулууга тийиш.

Эгерде сатуучу сатып алуучунун талабын канааттандырбаса, алмаштырылып жаткан товардын баасы жана анын ордуна берилип жаткан товардын баасы сот товарды алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарган учурга карата аныкталат.

3. Сапаты начар товардын сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө талап коюлган учурда бааны азайтуу жөнүндө талап коюлган учурдагы товардын баасы, ал эми сатып алуучунун талабы канааттандырылбаса - сот бааны тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө чечим чыгарган учурдагы баасы эске алынат.

4. Сатуучуга сапаты начар товарды кайтарып берүүдө сатып алуучу чекене соода-сатык келишиминде белгиленген товардын баасы менен анын талабы ыктыярдуу түрдө канаттандырылган учурдагы тиешелүү товардын баасынын, эгерде талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, сот чечим чыгарган учурдагы баанын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [466-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-466)  
Кийинки берене: [468-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-468)
