# 466-статья. Сатып алуучунун ага сапаты начар товар сатылган учурдагы укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 466-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-466

---

1. Эгерде сатуучу кемчиликтерин айтпаган сапаты начар товар сатып алуучуга сатылса, ал өз каалоосу боюнча төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сапаты начар товарды сапаты ойдогудай товарга алмаштырууну; сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтууну; товардын кемчиликтерин тез арада акысыз жоюуну; товардын кемчиликтерин жоюуга кеткен чыгымдын ордун толтурууну.

2. Товардын касиети анын кемчиликтерин жоюуга мүмкүндүк бербеген товардын (азык-түлүк товарлары, турмуш-тиричилик химия товарлары ж.б. у.с.) кемчиликтери табылган учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча мындай товарды ойдогудай сапаттагы товар менен алмаштырууну же сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сатып алуучу сапатты начар товарды сатуучуга кайтарып берип, чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

Товар үчүн төлөнгөн акча суммасын сатып алуучуга кайра кайтарып берүүдө сатуучу андан товарды толугу менен же жарым жартылай пайдалануудан, ал товардык көрүнүшүн жоготуудан же башка ушундай кырдаалдардан улам товардын наркы азайган сумманы кармап калууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [465-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-465)  
Кийинки берене: [467-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-467)
