# 465-статья. Товар алмашуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 465-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-465

---

1. Сатып алуучу азык-түлүк эмес товар өзүнө берилген учурдан тартып, эгерде сатуучу кыйла узак мөөнөттү жарыялабаса, он төрт күндүн ичинде сатып алынган товарды сатып алынган жерде жана сатуучу жарыялаган башка жерде башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектеги ушундай товарга алмашууга укуктуу, мында баасында айырма келип чыкса, сатуучу менен зарыл болгон кайра эсептөөнү жүргүзөт.

Сатуучуда алмаштыруу үчүн зарыл товар жок болгон учурда сатып алуучу сатып алган товарды сатуучуга кайра кайтарып берүүгө жана ал үчүн төлөнгөн акча суммасын алууга укуктуу. Эгерде товар колдонулбаган болсо, анын керектөө сапаттары сакталса жана аны ошол сатуучудан сатып алгандыгынын далили бар болсо, сатып алуучунун товарды алмаштыруу жөнүндө же кайра кайтаруу жөнүндө талабы канааттандырылууга тийиш.

2. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбаган же кайра кайтарылбаган товарлардын тизмеси мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат.

---

Мурунку берене: [464-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-464)  
Кийинки берене: [466-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-466)
