465-статья. Товар алмашуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-Глава
1. Сатып алуучу азык-түлүк эмес товар өзүнө берилген учурдан тартып, эгерде сатуучу кыйла узак мөөнөттү жарыялабаса, он төрт күндүн ичинде сатып алынган товарды сатып алынган жерде жана сатуучу жарыялаган башка жерде башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектеги ушундай товарга алмашууга укуктуу, мында баасында айырма келип чыкса, сатуучу менен зарыл болгон кайра эсептөөнү жүргүзөт.
Сатуучуда алмаштыруу үчүн зарыл товар жок болгон учурда сатып алуучу сатып алган товарды сатуучуга кайра кайтарып берүүгө жана ал үчүн төлөнгөн акча суммасын алууга укуктуу. Эгерде товар колдонулбаган болсо, анын керектөө сапаттары сакталса жана аны ошол сатуучудан сатып алгандыгынын далили бар болсо, сатып алуучунун товарды алмаштыруу жөнүндө же кайра кайтаруу жөнүндө талабы канааттандырылууга тийиш.
2. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбаган же кайра кайтарылбаган товарлардын тизмеси мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
465-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-465" title="465-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>