# 464-статья. Товардын баасы жана ага акы төлөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 464-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-464

---

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкача келип чыкпаса, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөн учурда сатуучу жарыялаган баа боюнча товарга акы төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, чекене соода-сатык келишиминде товарга алдын ала акы төлөө каралса (450-статья), сатып алуучу келишимде белгиленген мөөнөттө товарга акы төлөбөй коюшу сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартты деп табылат.

3. Товарды кредит боюнча чекене соода-сатык келишимдерине, анын ичинде сатып алуучу товарларга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө шарты бар келишимдерге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 4-пунктта каралган эрежелер колдонулбайт.

4. Сатып алуучу товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу келишиминде белгиленген мезгил ичинде каалаган учурда товардын акысын толук төлөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [463-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-463)  
Кийинки берене: [465-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-465)
