# 462-статья. Товарларды сатып алуучуга жеткирүү шарты менен сатуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 462-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-462

---

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучуга товарды жеткирүү шарты менен түзүлгөн учурда, сатуучу товарды келишимде белгиленген мөөнөттө сатып алуучу көрсөткөн жерге, ал эми сатып алуучу товар жеткирилчү жерди көрсөтпөсө, сатып алуучу болуп саналган граждан жашаган жерине же юридикалык жактын турган жерине жеткирүүгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача каралбаса, же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, чекене соода-сатык келишими товар сатып алуучуга, ал эми ал жокто келишим түзүлгөндүгү жөнүндө же товар жеткирүүнүн жазылгандыгы жөнүндө күбөлөгөн квитанцияны же башка документти көрсөткөн ар кандай жакка тапшырылган учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимде сатып алуучуга товарды тапшыруу үчүн аны жеткирүү убактысы аныкталбаса, сатып алуучунун талабы алынгандан кийин товар шарты келген мөөнөттө жеткирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [461-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-461)  
Кийинки берене: [463-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-463)
