# 461-статья. Автоматтарды пайдалануу менен товарларды сатуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 461-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-461

---

1. Товарлар автоматтарды пайдалануу менен сатылган учурда автоматтын ээси сатуучу жөнүндө маалыматты сатып алуучуларга жеткирүүгө милдеттүү, ал сатуучунун фирмалык аталышы, ал турган жер, ишинин режими, ошондой эле товарды алуу үчүн сатып алуучу жасашы зарыл болгон иш аракеттер жөнүндө маалыматтарды автоматка жайгаштыруу же сатып алуучуларга башкача ыкма аркылуу берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Автоматтарды пайдалануу менен чекене соода-сатык келишими сатып алуучу товарды алуу үчүн зарыл иш-аракеттерди жасаган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Эгерде сатып алуучуга акысы төлөнгөн товар берилбесе, сатуучу сатып алуучунун талабы боюнча тез арада ага товарды берүүгө же ал төлөгөн сумманы кайра кайтарууга милдеттүү.

4. Эгерде милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, автомат акчаны майдалоо, акы төлөө белгилерин алуу же валютаны алмашуу үчүн пайдаланылган учурда чекене соода-сатык жөнүндө эрежелери колдонулат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [460-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-460)  
Кийинки берене: [462-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-462)
