# 460-статья. Товарларды үлгүлөр боюнча сатуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-460>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-460.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 460-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-460

---

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучу сатуучу сунуш кылган товар үлгүлөрү (анын сыпаттамасы, каталогу жана башкалар) боюнча түзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же чекене соода-сатык келишиминде үлгү боюнча башкача каралбаса, мындай келишим товар келишимде көрсөтүлгөн жерге жеткирилген учурдан тартып, эгерде товарды берүүчү жер аныкталбаса, товар граждан жашаган жерге же юридикалык жак турган жерге жеткирилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимди аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоого байланыштуу тарткан зарыл чыгымдардын ордун сатуучуга толтуруп берген шартта сатып алуучу товар берилгенге чейин чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [459-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-459)  
Кийинки берене: [461-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-461)
