# 458-статья. Сатып алуучуга товар жөнүндө маалымат берүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 458-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-458

---

1. Сатуучу сатып алуучуга мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген жана чекене соодада сатууга коюлган товар жөнүндөгү маалыматтын мазмунуна жана аны берүү ыкмасына коюлуучу талаптарга жооп берүүчү тийиштүү зарыл жана ишенимдүү маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде төмөнкүлөр товардын мүнөзүнөн улам мүмкүн болбосо жана чекене соодада кабыл алынган эрежелерге карама-каршы келбесе, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөнгө чейин аны карап чыгууга, өзүнүн катышуусунда товардын касиеттерин же анын пайдаланылышын текшерүү жүргүзүлүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сатып алуучуга товар жөнүндө ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн товар жөнүндө маалыматты товар сатылган жерде тез арада алууга мүмкүн болбосо, ал чекене соода-сатык келишимин түзүүдөн негизсиз четтешинен улам (406-статьянын 4-пункту) келип чыккан зыяндын ордун толтурууну сатуучудан талап кылууга, ал эми келишим түзүлгөн болсо, келишимди аткаруудан ыңгайы келген мөөнөттө баш тартууга, товарга төлөнгөн сумма кайра кайтарылышын же башка зыяндын орду толтурулушун талап кылууга укуктуу.

4. Товар жөнүндө тиешелүү маалыматты алуу жагынан сатып алуучуга мүмкүндүк бербеген сатуучу сатып алуучуга товарды бергенден кийин кемчилик келип чыкса, сатып алуучу ушулар анда ушундай маалымат жок болгондугуна байланыштуу келип чыккандыгын далилдесе, сатуучу товардын кемчилиги үчүн да жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [457-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-457)  
Кийинки берене: [459-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-459)
