# 454-статья. Сатуучунун менчик укугунун сакталышы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-454>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-454.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 454-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-454

---

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, же товардын эмнеге арналышынан же касиетинен башкасы келип чыкпаса, соода-сатык келишиминде сатып алуучуга берилген товарга менчик укугу товарга акы төлөнгөнгө же башка кырдаал келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин товарды ээликтен ажыратууга же аны башкача түрдө тескөөгө укуксуз.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, берилген товарга келишимде каралган мөөнөттө акы төлөнбөсө же менчиктөө укугу сатып алуучуга өтө турган башка кырдаалдар келип чыкпаса, сатуучу товарды өзүнө кайтарып берүүнү сатып алуучудан талап кылууга акылуу.

2-§. Чекене соода-сатык

---

Мурунку берене: [453-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-453)  
Кийинки берене: [455-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-455)
