# 453-статья. Товарды камсыздандыруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 453-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-453

---

1. Соода-сатык келишиминде сатуучунун же сатып алуучунун товарды камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

2. Товарды камсыздандырууга милдеттүү тарап келишимдин шарттарына ылайык камсыздандырбаса, экинчи тарап товарды камсыздандырууга жана камсыздандырууга кеткен чыгымдан ордун толтурууну милдеткер тараптан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [452-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-452)  
Кийинки берене: [454-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-454)
