# 452-статья. Товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-452>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-452.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 452-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-452

---

1. Товарды кредитке сатуу жөнүндө келишимде товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө каралышы мүмкүн.

Эгерде акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимде соода-сатык келишиминин башка олуттуу шарттары менен катар товардын баасы, төлөмдүн тартиби, мөөнөтү жана өлчөмү көрсөтүлсө, ал келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу мөөнөтүн узартуу менен сатылган жана өзүнө берилген товар үчүн кезектеги төлөмдү келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, сатуучу келишимди аткаруудан баш тартууга жана сатылган товардын кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу, буга сатып алуучудан алынган төлөмдөрдүн суммасы товардын жарым баасынан ашкан учурлар кирбейт.

3. Акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 2, 4, 5- жана 6-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [451-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-451)  
Кийинки берене: [453-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-453)
