# 451-статья. Кредитке сатылган товарга акы төлөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=34310..40564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-451>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-451.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 451-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-451

---

1. Соода-сатык келишиминде товар сатып алуучуга берилгенден белгилүү убакыттан кийин ага акы төлөө каралса (товарды кредитке сатуу), сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми келишимде ал каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.

2. Сатуучу товарды берүү боюнча милдетин аткарбаган учурда ушул Кодекстин 450-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

3. Товарды алган сатып алуучу ага акы төлөө боюнча соода-сатык келишиминде белгиленген мөөнөттө өз милдеттерин аткарбаса, сатуучу берилген товарга акы төлөнүшүн же акысы төлөнбөгөн товарлар кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу берилген товарга акы төлөө боюнча милдетин келишимде белгиленген мөөнөттө аткарбаса, убактысы өткөрүлгөн суммага ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келишим боюнча товарга акы төлөнүүгө тийиш болгон күндөн тартып сатып алуучу товарга акы төлөгөн күнгө чейин процент төлөнүүгө тийиш.

5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн баштап сатып алуучунун товардын баасына ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып жана ага акы төлөнгөнгө чейин кредитке берилген товар сатып алуучунун товарга акы төлөө боюнча милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн сатуучунун күрөөсүндө турат деп табылат.

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [450-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-450)  
Кийинки берене: [452-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-452)
