Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
451-статья. Кредитке сатылган товарга акы төлөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 238
1. Соода-сатык келишиминде товар сатып алуучуга берилгенден белгилүү убакыттан кийин ага акы төлөө каралса (товарды кредитке сатуу), сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми келишимде ал каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.
2. Сатуучу товарды берүү боюнча милдетин аткарбаган учурда ушул Кодекстин 450-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.
3. Товарды алган сатып алуучу ага акы төлөө боюнча соода-сатык келишиминде белгиленген мөөнөттө өз милдеттерин аткарбаса, сатуучу берилген товарга акы төлөнүшүн же акысы төлөнбөгөн товарлар кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.
4. Эгерде ушул Кодексте же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу берилген товарга акы төлөө боюнча милдетин келишимде белгиленген мөөнөттө аткарбаса, убактысы өткөрүлгөн суммага ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келишим боюнча товарга акы төлөнүүгө тийиш болгон күндөн тартып сатып алуучу товарга акы төлөгөн күнгө чейин процент төлөнүүгө тийиш.
5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн баштап сатып алуучунун товардын баасына ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.
6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып жана ага акы төлөнгөнгө чейин кредитке берилген товар сатып алуучунун товарга акы төлөө боюнча милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн сатуучунун күрөөсүндө турат деп табылат.
(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тийиш.
5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн алынып салынды: тартып кошулду: баштап сатып алынып салынды: алуучу кошулду: алуучунун товардын баасына алынып салынды: ылайыктуу кошулду: ылайыктуу, керектөөчү кредит чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган талаптарды эске алуу менен суммага алынып салынды: процентти кошулду: пайызды төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.
6. Эгерде соода-сатык … аткарышын камсыз кылуу үчүн сатуучунун күрөөсүндө турат деп табылат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-451" title="451-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>