# 449-статья. Товарга акы төлөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 449-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-449

---

1. Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу товардын акысын сатуучу ага товарды түздөн-түз бергенге чейин же андан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу каралбаса, сатуучуга сатып алуучу берилген товардын баасын толугу менен төлөөгө милдеттүү.

3. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимине ылайык берилген товардын акысын өз учурунда төлөбөсө, сатуучу ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык товардын акысын жана процентти төлөөнү талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл алуудан же акысын төлөөдөн баш тартса, сатуучу өз каалоосу боюнча товардын акысынын төлөнүшүн талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

5. Эгерде ченемдик укуктук актыларда же келигимде башкача каралбаса, сатуучу соода-сатык келишимине ылайык сатып алуучуга ал акысын төлөбөгөн товарларды гана эмес, башка товарларды да берүүгө милдеттүү болгон учурларда сатуучу мурда берилген бардык товарлардын акысы толук төлөнгөнгө чейин ушул товарларды берүүнү токтото турууга акылуу.

---

Мурунку берене: [448-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-448)  
Кийинки берене: [450-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-450)
