# 448-статья. Товардын баасын төлөөгө сатып алуучунун милдети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 448-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-448

---

1. Сатып алуучу товарга соода-сатык келишиминде каралган баа боюнча, же эгерде келишимде баасы каралбаса же анын шарттарына таянуу менен аныкталышы мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктка ылайык аныкталган баа боюнча акы төлөөгө милдеттүү, ошондой эле мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга, келишимге же акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон демейде коюлучу талаптарга ылайык иш аракеттерди өз эсебинен жасоого милдеттүү.

2. Баа товардын салмагына жараша белгиленсе, эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ал таза салмак боюнча аныкталат.

3. Эгерде соода-сатык келишими товардын баасы анын баасын шарттаган көрсөткүчтөргө (өзүнө турган наркы, чыгымдар жана башкалар) жараша өзгөрө тургандыгын, бирок мында бааны кайра карап чыгуу ыкмасы аныкталбагандыгын караса, анда баа ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүү учурундагы жана товарды берүү учурундагы катышына таянуу менен аныкталат. Сатуучу товарды берүү боюнча милдеттердин аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберсе, ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүлгөн учурдагы жана келишимде каралган товарды берүү учурундагы, ал эми ал келишимде каралбаса, ушул Кодекстин 304-статьясына ылайык аныкталган учурдагы катышына таянуу менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача белгиленбесе жана милдеттеменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул пунктта каралган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [447-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-447)  
Кийинки берене: [449-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-449)
