# 447-статья. Сатып алуучунун товарды кабыл алуу милдети

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 447-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-447

---

1. Сатып алуучу товарды алмаштырууну талап кылууга же соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу болгон учурларды кошпогондо, ал өзүнө берилген товарды кабыл алууга милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу тиешелүү товардын берилишин жана алынышын камсыз кылуу үчүн өзү тараптан демейде коюлуучу талаптарга ылайык иш-аракетти жасоого милдеттүү.

3. Сатып алуучу мыйзамды, башка ченемдик укуктук актыларды же соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл албаса же кабыл алуудан баш тартса, сатуучу товарды алууну сатып алуучудан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [446-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-446)  
Кийинки берене: [448-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-448)
