# 445-статья. Товарды идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес идиште жана (же) таңгакта берүүнүн кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 445-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-445

---

1. Эгерде келишимден, милдеттенменин маңызынан же товардын мүнөзүнөн башкасы келип чыкпаса, идишке салынуучу жана (же) таңгакталуучу товар сатып алуучуга идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес идиште жана (же) таңгакта берилген учурда сатып алуучу сатуучудан товарды идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылууга же ойдогудай эмес идишти жана (же) таңгакты алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда сатып алуучу сатуучуга ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сапаты начар товарды берүүдөн (438-статья) келип чыккан талаптарды коюуга акылуу.

---

Мурунку берене: [444-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-444)  
Кийинки берене: [446-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-446)
