# 444-статья. Идиш жана таңгак

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-444.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 444-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-444

---

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, өзүнүн мүнөзү боюнча идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылбаган товарларды кошпогондо, сатуучу сатып алуучуга товарды идишке салып жана (же) таңгактап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде идишке жана таңгакка талаптар аныкталбаса, анда товар ушундай товар үчүн демейки ыкма менен, ал эми мындай болбогондо - ушундай товарды сактоонун жана ташуунун демейки шарттарында сакталышын камсыз кылган ыкма менен идишке салынууга жана (же) таңгакталууга тийиш.

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте идишке жана (же) таңгакка милдеттүү талап коюлса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул талаптарга ылайыктуу идиштеги жана (же) таңгактагы товарды берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [443-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-443)  
Кийинки берене: [445-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-445)
