# 443-статья. Комплектелбеген товарды берүүнүн кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 443-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-443

---

1. Комплектелбеген товар берилген учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну; товарды шарты келген мөөнөттө жеткире комплектөөнү.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучунун товарды жеткире комплектөө жөнүндө талабын учуру келген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

комплектелбеген товарды комплектелген товарга алмаштырууну талап кылууга; соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган кесепеттер сатуучу сатып алуучуга товардын комплектисин берүү милдетин бузган (442-статья) учурда да колдонулат.

---

Мурунку берене: [442-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-442)  
Кийинки берене: [444-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-444)
