440-статья. Берилген товардын кемчиликтерин табуу мөөнөтү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 23-Глава
1. Эгерде мыйзамда же соода-сатык келишиминде башкача белгиленбесе, ушул статьяда белгиленген мөөнөттө товардын кемчиликтерин тапкан шартта, сатып алуучу алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.
2. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлбаса, товардын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды сатып алуучу сатылган товардын кемчиликтери ылайыктуу мөөнөттө, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде же мыйзамда же соода-сатык келишиминде белгиленген кыйла узак мөөнөттүн ичинде табылган шартта коюшу мүмкүн. Почта аркылуу ташылуучу же жөнөтүлүүчү товардын кемчилигин табуу үчүн мөөнөт товар дайындалган жерине жеткирилген күндөн тартып эсептелет.
3. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү коюлбаса, сатып алуучу гарантия мөөнөтүнүн ичинде товардын кемчилигин тапса, ал кемчилик менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.
Соода-сатык келишиминде комплект буюмдарына негизги буюмдагыдан азыраак гарантия мөөнөтү коюлса, сатып алуучу негизги буюмга гарантия мөөнөтүнүн ичинде комплект буюмунун кемчиликтерин тапкан учурда алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу. Эгерде келишимде комплект буюмуна негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнөн узак гарантия мөөнөтү коюлуп, негизги буюмдун гарантия мөөнөтү бүткөн-бүтпөгөнүнө карабастан, комплект буюмунун гарантия мөөнөтүнүн ичинде анын кемчилиги табылса, сатып алуучу товардын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.
4. Эгерде товардын кемчилиги товардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде табылса, сатып алуучу жарактуулук мөөнөтү коюлган товарга карата анын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.
5. Келишимде каралган гарантия мөөнөтү эки жылдан аз болгондо жана гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде сатып алуучу товардын кемчилигин таап, товардын кемчилиги сатып алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыкандыгын сатып алуучу далилдесе, сатуучу жооп берет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
440-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-440" title="440-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>