# 438-статья. Сапаты начар товарды берүүнүн кесепеттери

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 438-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-438

---

1. Эгерде товардын кемчиликтерин сатуучу айтпаган болсо, сапаты начар товар берилген сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга акылуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну; товардын кемчиликтерин шарты келген мөөнөттө акысыз жоюуну; товардын кемчиликтерин жоюуга өзүнүн кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга.

2. Товардын сапатына талаптар олуттуу бузулган (жоюлбай турган кемчиликтер, ченемсиз чыгымга учурамайынча же убакыт коротмоюнча оңолбой турган кемчиликтер табылган же бир нече жолу табылган, же аларды жойгондон кийин кайра пайда болгон жана башка ушундай кемчиликтер чыккан) учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

соода-сатык келишиминен баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга; сапаты начар товарды келишимге ылайык товарга алмаштырууну талап кылууга.

3. Товардын комплектине кирген бөлүгүнүн сапаты ойдогудай болбогон учурда (441-статья) сатып алуучу товардын ушул бөлүгүнө карата ушул статьянын 1- жана 2-статьяларында каралган укуктарды ишке ашырууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамда башкача каралбаса, ушул статьяда каралган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [437-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-437)  
Кийинки берене: [439-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-439)
