# 434-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-434>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-434.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 434-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-434

---

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып (420-статья) эсептелет.

2. Эгерде сатып алуучу сатуучуга байланыштуу болгон кырдаалдардан улам келишимде гарантия мөөнөтү белгиленген товарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анда сатуучу тиешелүү кырдаалдарды жойгонго чейин гарантия мөөнөтү башталбайт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү ушул Кодекстин 446-статьясында белгиленген тартипте сатуучуга товардын кемчиликтери жөнүндө кабарландырылган шартта товардан табылган кемчиликтердин айынан ал пайдаланылышы мүмкүн болбогон убакытка узартылат.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, комплект буюмдарына гарантия мөөнөтү негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнө барабар болот жана негизги буюмдун гарантия мөөнөтү менен бирдей учурда өтө баштайт.

4. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтүнүн ичинде кемчилиги табылган (439-статья) товардын (комплект буюмунун) ордуна сатуучу берген товарга (комплект буюмуна) алмаштырылган товарга белгиленгендей гарантия мөөнөтү белгиленет.

---

Мурунку берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-433)  
Кийинки берене: [435-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-435)
