# 432-статья. Товардын сапаты

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 432-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-432

---

1. Сатуучу сатып алуучуга сапаты соода-сатык келишимине ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

2. Келишимде товардын сапаты жөнүндө шарт болбогон учурда сатуучу сатып алуучуга мындай товар демейде колдонулган максатка жарактуу товарды берет.

Эгерде сатуучу соода-сатык келишимин түзүү учурунда сатып алуучу тарабынан товарды сатып алуунун конкреттүү максаттары жөнүндө маалымдар болсо, сатуучу сатып алуучуга ошол максатка ылайык пайдаланууга жарактуу товарды берүүгө милдеттүү.

3. Товарды үлгүсү жана (же) сыпаттамасы боюнча сатууда сатуучу сатып алуучуга үлгүгө жана (же) сыпаттамага ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте сатылып жаткан товардын сапатына милдеттүү талаптар каралса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул милдеттүү талаптарга ылайык товарларды берүүгө милдеттүү.

Сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамда каралган тартипте белгиленген милдетүү талаптарга салыштырганда жогорку талаптарга ылайыктуу товар берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-431)  
Кийинки берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-433)
